Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

Кыргыз бийлиги ЕККУ алдындагы милдетин аткарбай келет


БИШКЕК. “Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин өкмөтү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө өлкө катары эркин жана акыйкат шайлоону камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин аткарбай
жатат”. Мындай билдирүү 23-февралда Адам укуктары боюнча эл аралык Хельсинки Федерациясы тарабынан жасалды. Аталган укук коргоо уюмунун аткаруучу директору Аарон Роудстун пикиринде, иш жүзүндө кыргыз бийлиги эркин жана акыйкат шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук көрсөтүүдө. Буга байланыштуу Эл аралык Хельсинки Федерациясы кыргыз бийлигин ЕККУнун алдында алган милдеттенмелерин аткарууга чакырды. Эл аралык укук коргоо уюму ошону менен бирге, Кыргызстанда бийлик тарабынан айрым массалык маалымат каражаттарына жасалган кысымдарга, өкмөттү колдогон талапкерлер тарабынан добуштарды массалык түрдө сатып алуулар жана шайлоо өнөктүгүндө орун алган башка мыйзам бузууларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

XS
SM
MD
LG