Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:27

Облустук ички иштер кызматы күчөтүлгөн режимге өттү


ОШ. Дубанда парламенттик шайлоо өткөрүүдөгү коопсуздукту камсыз кылуу максатында «Коомдук тартип» деген шарттуу аталыштагы профилактикалык иш чара башталды. Бул тууралуу «АКИ пресс Фергана» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмабек Байтиков билдирди. Атайын буйрукка ылайык коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга башкармалыктын 729 кызматкери тартылмакчы. Мындан сырткары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмабек Байтиков билдиргенге караганда, Араван, Алай, Каракулжа жана Чоңалай райондорундагы элдик дружинанын өкүлдөрү да жергиликтүү милицияга жардам берет.

XS
SM
MD
LG