Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Пикетчилер шайлоо комиссиясынын имаратын ээлешти


НАРЫН. Кочкордо акимчиликтин алдына чогулган эл губернатор менен акимдин отставкага кетишин, соттун акыйкат чечим чыгарышын талап кылышты. Чогулгандарга Жумгал районунун Лама, Кызарт, Доскул айылдарынан да эл келүүдө. Жол тоскондордун айтымында, талапкерлер Жапаров менен Болотбековдун шайлоого катышуу укугу калыбына келтирилбесе, эки жүздөн төрт жүзгө чейинки атчандар Кубакынын белин ашып, Бишкекке барууга даяр турушат. Кечкурун пикетчилер жолду ачып, аймактык шайлоо комиссиясынын имаратын ээлеп алышты. Ал эми экинчи талапкер Курманбек Байтерековдун 50-60тай жактоочулары талапкердин штабынын короосуна эки боз үй тигишип, адилет шайлоого чакырган плакаттарды кармап турушту. Бул күнү облустун дээрлик бардык мекеме жетекчилери Кочкордо жүрүштү.

XS
SM
MD
LG