Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

26-февралга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Метеорологиялык борбордун маалыматы боюнча февралдын жыйырма алтысында Кыргызстанда кар жаашы күтүлбөйт. Айрым аймактарга туман түшөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙдө түнкүсүн -5...-10 градус суук, күндүз +4...+9 градус жылуу.
ТАЛАС облусунда түнкүсүн -7ден...-12 градуска чейин суук, күндүз +2...+7 градус жылуу болушу күтүлөт.
Республиканын ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН чөлкөмдөрүндө түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз +3...+8 градуска жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңу боюнча абанын түнкү температурасы -4...-9 градус, ал эми чыгыш тарабы -7ден...-12 градуска чейин суук болот. Күндүз -2 градус сууктан +3 градуска жылуу.
НАРЫНда түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...-7 градус суук.
Ордо калаа БИШКЕКТЕ күн ачык болот. Батыш тараптан сыдырым жел жүрүп, түнкүсүн -4...-6 градуска суук, ал эми күндүз абанын жылуулугу +6...+8 градуска жетет.

Кабарларды Айданбек Акмат уулу, Бүбүкан Досалиева жана дубандардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG