Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:32

390 талапкердин аты-жөнү жазылды


БИШКЕК. Жекшемби күнү 2 миллион 631 миң шайлоочу 390 талапкер үчүн добуш берет. Сулайман Иманбаев билдиргенге караганда, шайлоонун жүрүшүнө 553 эл аралык, 15 миң жергиликтүү байкоочу көз салат. Эл аралык байкоочулардын 218и КМШдагы мамлекеттердин, 208и Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна мүчө мамлекеттердин жана 20сы ар кандай эл аралык уюмдардын өкүлдөрү. Шайлоонун жүрүшүн 72 эл аралык массалык маалымат каражаттарынын журналисттери чагылдырат. Ал эми добуш берүү бюллетенине 390 талапкердин аты-жөнү жазылды. Акыркы мезгилде 10 талапкер соттордун чечимдеринин негизинде жарыштан чыкты. Ал эми шайлоо округдарындагы шайлоочулардын тизмеси 3 процентке, айрым учурда 7 процентке чейин өзгөрүшү толук мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев шайлоого даярдыктарга байланыштуу маалымат жыйынында 25-февралда билдирди.

XS
SM
MD
LG