Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Багдадда жардырууда 3 киши курман болуп, 6 киши жараат алды


БАГДАД. Бүгүн Багдаддын жанында жол четине орнотулган бомбадан үч киши курман болуп, бери дегенде 6 киши жарадар болду. Андан сырткары Ирактын ар башка жерлеринде болгон жардыруулардан ирактык бир нече полицисти курман болду. Шии саясий партиясынын кеңсесинин жанында бир киши өзүн өзү жардырып, беш кишинин ажалына калды. Бакубада Ирактын коопсуздук күчтөрү Ал-Кайыда террордук уюму менен байланышта турган террорчу Мухамед Хажам Ибрагимди колго түшүрдү. Бул жана башка кол салуулардын артында Ал-Кайыда менен байланышы бар террористтер тургандыгы божомолдонот.

XS
SM
MD
LG