Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

ТАЖИКСТАН: ШАЙЛОО АЛДЫНДА ЭРКИН БАСМА СӨЗДҮН ШАЙЫ КАНДАЙ?


Кыргызстандын калкы сыяктуу эле тажикстандыктар да ушул жекшембиде өлкө парламентинин мүчөлөрүн шайлайт. Көпчүлүк байкоочулар бул шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу ачык жана таза өтөт деген үмүттө. Бирок ошол эле кезекте Тажикстанда соңку айларда бир нече көз карандысыз гезит жабылды. Өкмөт адамдары ал басылмалар же аларды чыгарган басмаканалар салык мыйзамдарын бузганын айтышса, башкалар муну бийликтин сынчыл көз карашты кармангандарды шайлоо алдында ооздуктоо аракети катары баалашты.

Тажикстандын салык полициясы өткөн айда өлкөдөгү көз карандысыз басылмалардын акыркыларынын бири "Неруй Сухан" гезити чыгуучу басмакананы жапты.

Былтыркы жайдан бери ушундай эле тагдырга "Рузи нав", "Адолат","Одаму олам" деген гезиттер да туш болгон эле. Расмий өкүлдөрдүн түшүндүрмөлөрүнө караганда, аталган гезиттер чыккан басмаканалардын жабылышы – алар салык мыйзамдарын бузгандыгынын натыйжасы.

Тажик президентинин басма сөз кызматынын өкүлү Абдурахман Абдулманан бул маалымат каражаттары мыйзам бузган дейт:

-Мен билгендей, бул маалымат каражаттарынын ишинин токтошу алардын мыйзам бузуусу менен байланыштуу. Расмий өкүлдөр басылмалардын жабылышы алардын экономикалык жана каржылык иштерине тиешелүү экенин бир нече жолу белгилешкен.

Анткен менен байкоочулар басылмалардын жабылышынын саясий жүйөөсү болушу мүмкүн деген пикирде. Маселен баш кеңсеси Парижде жайгашкан, "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун өкүлү Бенжамин Жойеукс тажик өкмөтү шайлоо алдында маалымат каражаттарына көзөмөлдү күчөтүүдө деген ойдо:

-Каржылык иштер деген жүйөө менен көз карандысыз маалымат каражаттарына шайлоо алдында өзүн көргөзүүсүнө жол берилбей жатат. Мындай кадам калкты шайлоо компаниясынын жүрүшү жөнүндө кошумча маалыматсыз калтырып, көз карандысыз ой-пикирдин калыптанышына тоскоолдук кылууда. Бөтөнчө пикирдин айтылышын алдын алуу жана расмий маалымат каражаттарынын гана сүйлөшүнө жол берүү менен башкаруучу бийлик кайра шайлануунун камын көрүп жатат.

"Чек арасыз кабарчылар" уюму шайлоо жакындашы менен Тажикстанда көз карандысыз маалымат каражаттары жана журналисттердин тынчын алуу күчөгөнүнө камтамачылык билдирген эле. Коркутуу- үркүтүүлөр жазылган каттар соңку айларда бир нече журналисттин колуна тийген.

ЕККУнун Тажикстандагы байкоочулар миссиясы да өзүнүн соңку отчетунда гезиттердин жабылышына камтамачылыгын айтып, бул окуя шайлоо алдындагы жагдайга "өтө терс кесепетин" тийгизгенин белгиледи.

ЕККУнун Тажисктандагы байкоочулар миссиясынын өкүлү Питер Ейчер мындай дейт:

-Биздин эсебибизде кеминде төрт гезиттин басылуусуна жол берилген жок, кеминде экөөсү басылуу үчүн лицензия алалбай жатат. Жалпысынан бул өкмөттүн көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишине кийлигишүүсүн көргөзүп жаткандай жана мунун демократиялык шайлоого зыян тийгизүүчү таасири бар. Андыктан биз шайлоого байкоо салып жаткандыктан, бул -терең тынчызданууну жараткан көрүнүш.

ЕККУнун байкоочулар миссиясынын өкүлү ошондой эле шайлоо кампаниясынын жүрүшү маалымат каражаттарында анчалык деле жигердүү чагылдырылбаганын кошумчалады:

- Жалпысынан шайлоо маалымат каражаттарында анчалык чагылдырылган жок. Иш жүзүндө материалдар аз эле болду. Ушундан улам биз шайлоочулар өз тандоосун жасагыдай жетишүү, көп түрдүү маалымат алган жок болушу мүмкүн деп тынчыздануудабыз.

Азыр Тажикстанда көз карандысыз басылмалардан бир –экөөсү гана калды. Байкоочулар эркин басма сөздү куугунтуктоо өлкөдө 90-жылдардагы граждандык согуш учурунда өкүм сүргөндөй коркууну жана өзүн-өзү цензуралоону күчөтүшү ыктымал деп кооптонушат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG