Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Иракта жаңы өкмөттүн курамы талкууланууда


Шейиттердин бириккен коалициясынан премьерликке талапкер болуп көрсөтүлгөн Ибрахим ал-Жаафари жаңы кабинетке өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдүн өкүлдөрү тартылышы керектигин билдирди. Жаафаринин талапкерлигин шейиттердин азирети адыйы аятолла ал-Систани колдоду. Күрт лидерлеринин бири Жалал Талабани келечектеги бийликтин түзүлүшү,жаңы конституциянын долбоору жана өкмөттөгү негизги кызматтарды бөлүштүрүү боюнча ич ара мунаса табуу зарыл экендигин, ансыз өлкөнүн ишенимдүү келечегин камсыз кылууга, күчтүү жана жарамдуу өкмөт түзүүгө болбой турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG