Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:35

Ингушетиянын экс-президенти Ошто болду


ОШ. Асланбек Аушев Ош шаарындагы иш сапарынын алкагында облустук жана шаардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, аймактагы социалдык-экономикалык абал боюнча пикир алмашышты. Андан соң Асланбек Аушев Бабур театрында советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 16-жылдыгына арналган кечеге катышып, Ооган согушунун ардагерлери жана майдандан кайтпай калган жоокерлердин үй-бүлөлөрү менен жолугушту. Жолугушуунун аягында Асланбек Аушев өзүнүн атынан Ооган согушунун катышуучуларына жана кайтпай калган жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам жана эстелик белектерин тапшырды.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG