Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

Тел-Авивдеги жардыруудан беш адам набыт кетти


Палестина автономиясынын төрагасы Махмуд Аббастын айтымында, Тель-Авив шаарында түндө болгон жардырууну үчүнчү тарап уюштурган болуш керек. Шаардын түнкү клубунда бир жанкечти өзүн өзү жардырып жибергенден, анын өзүнөн башка дагы төрт адам курман болду. Палестинанын премьер-министри Ахмед Куреинин айтымында, күнөөлүлөр табылат:

- Жарылуу өзү жана ал ишке ашырылган мезгил - ал карапайым адамдарга каршы багытталганын көрсөтөт, биз мындай аракеттерди кабыл албайбыз жана анын уюштуруучуларын жактырбайбыз, - деди Ахмед Куреи.

Автономиянын ички иштер министри Насер Юсефтин айтымында, эки шектүү адам кармалды. 8-февралда эки тарап ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашкан жана түндөгү аракеттен улам жөөт аскерлери Йордан дарыясынын батыш жээгине 8-фералдан кийин биринчи жолу күзөт иштерин жүргүздү.

XS
SM
MD
LG