Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

ТАЖИКИСТАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО БОЛДУ


Төмөнкү палатадагы 63 орун үчүн 230 талапкер ат салышты. 63 орундун 22си партиялык тизме боюнча бөлүштүрүлөт, калган 41 орундун ээлери бир мандаттуу чөлкөмдөрдө аныкталат. Мандаттардын басымдуу бөлүгү президент Имомали Рахмоновдун Элдик Деморкатиялык партиясынын үлүшүнө тийет деп күтүлүүдө.

Жекшембинин таңынан эле шайлоочулардын активдүүлүгү 2000-жылга караганда жогору экендиги кабарланып жатты. Айрым аймактарда алар жарым сааттан кезекке туруп добуш беришти.

Түш ченде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирзоали Болтуев шайлоочулардын дээрлик 55 пайызы добуш бергандигин маалымдады. Буга караганда, - Тажикстанда төмөнкү палата - Межилиси Намояндагонго шайлоону өттү деп эсептеш керек.

Дүйшөмбү шаарында добуш берип жатып, президент Рахмонов шайлоого жогору баа берди. Ошол эле убакта ал шайлоонун жыйынтыгына оголе чоң үмүт артпоону кеңеш кылды:

- Менимче, бул шайлоо өнөктүгү мурдагысына караганда, алда-канча ачык өтүп жатат. Мен биздин коомдогу шайлоону АКШдагы, Батыштагы шайлоолорго салыштырбайт элем. Бизде кемчиликтер бар экенин моюнга алам. Биз демократиялуу, мынзаймга баш ийген, динден ажырым өлкөнү эми куруп баштап жатабыз.

Рахмоновдун Элдик Демократиячыл партиясы 2000-жылы добуштардын 65 пайызын алган эле. Жекшембидеги шайлоодо бийлик партиясы мандаттардын санын буга чейинки деңгээлде сактап калат же балким дагы көбөйтөт деп күтүлүүдө.

Шайлоого бийлик партиясынан 61 талапкер катышты. Калган беш партиядан мындан эки эседен аз талапкер кошулду. Алардын ичинен Исламдык Кайра жаралуу жана Тажикстандын коммунисттик партиялары гана төмөнкү палатадан орун алат деп болжолдонууда.

Шайлоого 400 чакты эл аралык өкүл байкоо жүргүздү. Алардын арасында Күнкорсуз Мамлекеттер шериктештигинин жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмунун өкүлдөрү бар. Оппозициячыл партиялар 2 миң чакты байкоочу даярдаган, бирок алардын жарымы гана каттоодон өтө алды.

Рахмонов 1992-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы болуп бекип, кийин президент болуп эки ирет шайланган. 2003-жылдагы референдумдун аркасы менен ага 2020-жылга чейин мамлекет башында калууга шарт түзүлдү.

Жекшембиде добуш берип жатып Рахмонов келерки жылы президенттик шайлоого талапкердигин кое тургандыгын мындайча кыйытты:

- Мен дале жашмын, күч-кубатын жетиштүү, карылыкка деле алдырган жокмун. Саясаттан кетейин деген оюм жок. Мен Элдик Демократиялык партияны түзгөм, ушул саясий партиянын жетекчиси болуп иштей берем, - деди Рахмонов.

Борбордук Шайлоо комиссиясы шайлоо бүткөндөн 24 сааттын ичинде алдын-ала жыйынтык жарыялашы керек. Байкоочулар да дүйшөмбү күнү шайлоо жана шайлоо өнөктүгү боюнча өз бүтүмүн чыгарышат.

XS
SM
MD
LG