Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Оппозиция: шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өттү


БИШКЕК. Парламенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өттү, андыктан шайлоонун легитимдүүлүгүнөн шек туудурчу кырдаал түзүлүүдө. Мындай пикирин оппозициялык күчтөрдүн Роза Отунбаева, Ишенгүл Болжурова, Муратбек Иманалиев, Топчубек Тургуналиев баштаган өкүлдөрү 27-февралдагы маалымат жыйынында кабарлашты. Алардын айтымында, оппозициялык талапкерлер катышып жаткан шайлоо округдарынын бардыгында бийликтин басымы, добуштарды сатып алуу, спирт ичимдиктерин ичирүү өңдүү одоно мыйзам бузуулар катталууда. Мындай көрүнүштөр оппозициялык талапкерлердин мыйзамдуу жол менен добуш топтоосуна олуттуу тоскоолдук алып келүүдө. Парламенттик шайлоого Кыргызстан элдик кыймылынан 26 талапкер, Атажурт кыймылынан 12 талапкер катышып жатат.

XS
SM
MD
LG