БИШКЕК. Эгерде добуш берүү учурунда жана шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда кандайдыр бир мыйзам бузуулар орун ала турган болсо, оппозиция өкүлдөрү өлкө боюнча нааразылык акцияларын уюштурушат. Бул тууралуу 27-февралда өткөн маалымат жыйынында «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев билдирди. Оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, азырынча жер-жерлерден добуш берүү учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар түшүүдө жана анын баары коомчулукка 28-февралда жарыяланат.