Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Орусия Ирактын биринчи АЭСин куруп берет


Иранды ядролук отун менен камсыздоо жөнүндө Иран жана Орусия ортосунда келишим түзүлдү. Келишимге ылайык, россиялык адистер Ирандын Бушердеги биринчи атомдук реакторун монтаждап, ишке киргизишет.
800 миллион долларлык өндүрүштүк комплекс 2006-жыдын июнь айында пайдаланууга берилиш керек. Андан алты ай мурда Бушерге 100 тонна отун жеткирилээрин ИТАР ТАСС агенттиги Орусиянын атомдук агенттигинин мүдүрү Александр Румянцевге шилтеп маалымдады.

Келишим ошондой эле Иранды иштетилген ядролук отундун баарын Орусияга кайтарууга милдеттендирет

АКШ бир нече жылдан бери Иранды өзөктүк курал жасоого аракеттенүүдө деп күнөөлөп жүрөт. Ырасмий Тегерандын ырасташынча, өзөктүк программа электр энергиясын гана өндүрүүнү көздөйт.

XS
SM
MD
LG