Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:23

Тажикстанда да парламенттик шайлоо өттү


Бул 1990-жылдардагы жарандык согуштан берки экинчи жалпы элдик шайлоо.
Бүгүн парламенттин ылдыйкы палатасындагы 63 орунга 230га жакын талапкер ат салышты.

Көпчүлүк талдоочулар президент Э. Рахмонов башындагы башкаруучу Тажикстан элдик-демократтык партиясы-ТЭДП жеңип чыгаарын болжошууда.
Рахмонов шайлоо тууралуу мындай пикирин билдирди:


- Менин оюмча, азыркы шайлоо мурдакыга салыштырганда көп эле ачык-айкын өтөт. Мен биздин коомдогу шайлоону Кошмо Штаттары жана Батыш өлкөлөрүндө саясый өнөктүк менен салыштырбайм. Мен биздеги өксүктөрдү танбайм. Биз заң-мыйзамга таянган демократиялуу, секулярдык өлкөнү эми гана кура баштадык.

ТЭДПга азыркы парламенттеги дээрлик бардык орундар таандык. Оппозициячыл Ислам кайра жаралуу партиясы болгону үч мандатка ээ.
XS
SM
MD
LG