Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Жалалабатта 46,48% добуш беришти


ЖАЛАЛАБАТ. Саат кечки төрткө карата облустагы 495 миң 278 шайлоочунун 230 миң 195 же 46,48 пайызы добуш беришти. "Атамекен" жана "Кайран эл" партиясы № 24, № 26 шайлоо аймактарында эл автоунаалар менен ташылып келингенин жана арак-шарап, сый тамак берилип жатканын, ошондой эле, мекеме уюм, айыл өкмөт башчылары шайлоого кийлигишкенин катташкан.

№25 Карүңкүр шайлоо аймагында облустук жана Базаркоргон райондук бийлик кызматчылары жүрүшөт. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициянын байкоочулары айрым округдарда өң колдун баш бармактарына белги коюлуп, студенттик билет жана паспорттун көчүрмөлөрү менен добуш берилгенин белгилешти.

XS
SM
MD
LG