Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Студенттер, улуттук борборлор да байкоочуларын коюшту


БИШКЕК. Парламенттик шайлоо учурунда «Көз карандысыз байкоолорго студенттерди катыштыруу» деген долбоордун алкагында Бишкек шаары боюнча добуш берүүчү 80 участокто 150 студент байкоо жүргүздү. Бул тууралуу «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунан кабарлашты. Бул долбоорго ЮСАИД, АЦПГО жана Каунтерпарт-Кыргызстан уюмдары техникалык жана каржылык колдоо көрсөттү. Ушул эле программанын алкагында 1-февралдан тарта алты студент узак мөөнөттүү байкоо жүргүздү. Долбоордун алкагындагы байкоолордун тыянагы боюнча байкоочулар алгачкы маалыматты 28-февралда эртең менен берүүнү болжоп жатат. Ал эми Кыргызстан элдери ассамблеясынын маалыматы боюнча шайлоого өлкө боюнча 31 коомдук бирикменин 766 өкүлү байкоо жүргүздү.

XS
SM
MD
LG