Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

1-мартта аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 1-мартта республика боюнча күн ачык болуп, түштүк-батыш тараптан мелүүн жел жүрүп турат.

Сарыөзөн ЧҮЙдө абанын температурасы түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +10...+15 градус жылуу.
ТАЛАС облусунда түнкүсүн -2...-7 градус суук, күндүз +9дан...+14 градуска жылыйт.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН чөлкөмдөрүндө түнкүсүн
-2 градус сууктан +3 градуска жылуу болот. Күндүз +10...+15 градус.
ЫСЫККӨЛ ойдуңу боюнча абанын температурасы түнкүсүн -2...-7 градус суук, күндүз +4...+9 градус жылуу.
НАРЫНДА түнкүсүн -15...-20, күндүз 0...-5 градуска суук.
Ал эми БИШКЕК шаарында түнкүсүн 0...-2 градустун айланасында суук болсо, күндүз абанын жылуулугу +12...+14 градуска жетет.


Кабарларды Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана дубандардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG