ТАЛАС. Бул жолку парламенттик шайлоодо жарандар активдүүлүгүн айгинелешти. Добуш берүүгө дубандагы жалпы шайлоочулардын 75 пайыздан ашууну келишкен. Облшайлоокомдун маалыматына караганда, шайлоону адилет өткөрүүгө миңден ашуун ар кайсы деңгээлдеги байкоочулар көз салышты. Эң көп байкоочу даярдаган «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын аймактык өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, добуш берүү күнү да шайлоочуларга тымызын арак, акча берүү токтогон жок. Депутаттыкка талапкер Шайлоо Үркүнбаевдин демилге тобунун мүчөлөрү экинчи бир талапкер Жусупбек Иманалиевдин демилге тобунун мүчөлөрү №114 участокто акча таратып жаткандыгы тууралуу акт түзүп, сотко арызданышкан. Бирок Бакайата райондук соту арызды тийиштүү документтери толук эместигинен өндүрүшкө ала электиги маалым болду. Эми шайлоонун экинчи турунда №54 жана №55 шайлоо округдарында кайта добуш берүү өтөт.