Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

КМШ байкоочулары шайлоо адилет өттү деп санашат


БИШКЕК. Кыргызстандагы парламенттик шайлоо учурунда олуттуу мыйзам бузуулар орун алган жок, жалпысынан шайлоо эркин жана адилеттүү өттү. Мындай пикирин Көз каранды эмес өлкөлөрдүн шериктештигине кирген мамлекеттерден келген байкоочулардын жетекчисинин орун басары Асан Кожаков 28-февралда өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ошол эле мезгилде КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулардын арасындагы Украинадан келген өкүл Василий Гаврлюк аталган маалымат жыйында «Кыргызстандагы парламенттик шайлоо калыс өткөн жок» деген оюн билдирди. Анын пикирине караганда, парламенттик шайлоо өнөктүгү учурунда аткаруу бийлиги тарабынан шайлоочуларга жана бийликке жакпаган талапкерлерге каршы административдик ыкмалар колдонулду. Ошондой эле Василий Гаврлюк шайлоонун адилет өтпөгөндүгүнө экс-элчилердин шайлоого катыштырылбай калышын мисал келтирди. Кыргызстандагы парламенттик шайлоого КМШ өлкөлөрүнөн келген 218 байкоочу 70 шайлоо округунда көзөмөл кылышты.

XS
SM
MD
LG