Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Парламентте өкмөтчүл депутаттар көп болот


БИШКЕК. Парламенттик шайлоого оппозициялык күчтөрдүн 40 чамалаш өкүлү катышты. Шайлоонун биринчи турунда алардын ичинен Аксы шайлоо округунан Азимбек Бекназаров жеңишке жетишкендиги маалымдалды. Шайлоону экинчи турунда Курманбек Бакиев, Адахан Мадумаров, Дооронбек Садырбаев, Өмүрбек Текебаев, Досбол Нур уулу, Исках Масалиев ат салышышат. Байкоочулардын баамында, эгерде алар жеңишке жетишкен күндө да бир палаталуу парламентте оппозициядан ашып барса онго жетпеген өкүл келиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG