Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

ОРУСИЯ ИРАНГА ӨЗӨКТҮК ОТУН ЖИБЕРИП ТУРМАКЧЫ


Тегеран менен Москва ортосунда түзүлгөн келишим Ирандын алгачкы атомдук реакторунун ишке киргизилишине жол ачмакчы. Жекшембиде кол коюлган документке ылайык, Орусия Иранды өзөктүк отун менен камсыздайт. Тараптар өзөктүк калдыктар маселесине байланыштуу көптөн бери мунасага келе албай жатышкан эле.

Ирандын вице-президенти Гулямреза Агазадех жана Орусиянын Атомдук энергетика боюнча агенттигинин жетекчиси Александр Румянцев орустардын жардамы менен курулган Бушер станциясын кыдырып чыгып, 27-февралда өзөктүк отун жөнүндөгү келишимге кол коюшту.

Москва Бушер станциясын керектүү отун менен камсыздоого макул болуп, өзөктүк таштандылар кайра Орусияга жиберилип турушу керек деген шарт койду. Бир катар өлкөлөр, анын ичинде Орусия Иран иштетилген заттардан плутонийди бөлүп алып, атомдук бомба жасоого жумшашы ыктымал деп чочулашат. Арийне тараптар өзөктүк калдыктарды артка транспорттоонун чыгымын ким көтөрөт деген маселе боюнча макулдашыша алышкан жок.

Келишимге АКШ-Орусия саммитинен көп узабай кол коюлду. Жорж Буш менен Владимир Путиндин Братиславадагы жолугушуусунда Иран темасы да козголгон эле.

Вашингтон Тегеран тымызын ядролук программанын үстүнөн иштеп жүрөт деп айыптап келатат, Ирандын бийликтери болсо бул чындыкка дал келбейт, өзөктүк долбоор тынчтык максаттарга багытталган деп ырастоодо. Саммитте Путин Тегерандын атомдук курал чыгарууну көздөбөгөндүгүнө ишенээрин айтып, Орусия Иран менен бул тармактагы кызматташуусун уланта берет деп билдирди.

Аталган келишимге ишембиде кол коюлмак, анын кечеңдеши эки лидердин жолугушуусуна байланыштуу болдубу же жокпу белгисиз. Бирок Ирандын Атомдук энергетика мекемесинин төрага орун басары Мухамед Саеди Буш менен Путиндин саммити келишимге эч кандай таасир эткен жок, орус тарап менен сүйлөшүүлөр жемиштүү болду деп ырастады.

Бушер станциясы быйыл жылдын этегинде же 2006-жылдын башында ишке кирет деп күтүлүүдө. Ирандын вице-президенти Агазадех өзөктүк отун сактаган кампалардын эларалык стандарттарга ылайык курулганын баса белгиледи.

Ирандын уранды байытып, өзөктүк отун өз алдынча өндүрүү аракеттери дүйнөлүк коомчулуктун тынчсыздануусун жаратып келатат.

Германия, Франция жана Британия Иранды бул долбоордон баш тартууга көндүрүүгө аракет жасап, анын ордуна экономикалык, техникалык жардам сунуш этишүүдө.

Тегеран европалыктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда уран байытууну убактылуу токтотууга макул болуп, бирок бул процесс жакында жанданат деп эскертти.

АКШ президенти үчилтиктин аракеттерине колдоосун билдиргени менен, айрым булактардын ырастоосунда, Тегеранга кысымды күчөтүүнү жактайт.

XS
SM
MD
LG