Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:25

АКШ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫНА БАА БЕРДИ


Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти жыл сайын дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча отчет жарыялайт. Ушул дүйшөмбүдө жарык көргөн быйылкы отчетто Орусияда жана башка мурдагы советтик жумурияттарда демократиялык реформа жылбай жаткандыгына тынчсыздануу билдирилди. Бирок документте демократиялык реформа багытында жалпы жонунан жылыш бар деген үмүт камтылган.

Пола Добрянски - АКШ Мамлекеттик катчысынын дүйнөлүк иштер боюнча орун басары. Анын айтымында, быйылкы отчет президент Буштун тираниянын шартында жашап, демократияга умтулгандарга колдоо көрсөтүү ниетинен тайбаганын көрсөтөт.

Отчетто 196 өлкөдөгү адам укуктарынын 2004-жылдагы абалы талкууланат. Документ жарыяланган маалымат жыйынында Добрянски айым бир нече өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушун атап өтүп, буларды кошумчалады:

- Биз дүйнөнүн башка көп жактарындагы кырдаалга тынчсыздануубузду ушул отчеттордо аки-чүкүсүнө чейин жазабыз. Бирок биз бүгүн жакшылыкка гана үмүттөнөбүз.

Отчетто айрыкча Орусияга катуу сын айтылат. Анын ичинде Кремлдин маалымат каражаттарына көзөмөлүн күчөткөнү жана президент Владимир Путиндин аймактык акимдерди шайлаттырбастан, өзү беките баштаганы артка чегинүү катары белгиленет.

Кытай да атуулдардын демократиялык укуктарын катуу чектегени үчүн айыпталат. Документте исламдык радикалдарга каршы согушка шылтоо кылып, Бейжиндин Синцянда уйгур элин кысмыкка алып жаткандыгы айтылат.

Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында кабарчылардын бири Кытай менен дипломатиялык жана соода алакаларын бекемдөөгө далалаттанган Кошмо Штаттары бул өлкөнү анча сынга албай жаткан жокпу деп сурады. Мамкатчынын демократия, адам укуктары жана жумуш иштери боюнча орун басары Майкл Козак Вашингтондо мындай өзүн өзү чектөөгө зарылчылык жок деп жооп берди:

- Мисалы биз Борбор Азияда дос күткөндө, бул өлкөлөрдүн адам укуктарынын начар абалын сындоо кан буугандай токтойт деп ойлогондор болгон. Иш жүзүндө биз Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөгү адам укутарына көбүрөөк көңүл буруп, өзгөрүшкө умтулган адамдарды күжүрмөн колдоп жатабыз, - деди Мамдепартаменттин өкүлү.

Иран да сынга алынды. Козак белгилегендей, демократия жаатында бул өлкө бир катар коңшу өлкөлөрдөн артта калды. Ал жакынкы палестин шайлоосун, Ирактагы добуш берүүнү атап өттү.

Козак Иранда талапкерлерди өлкөнүн диний жетекчилиги жактыргандар менен чектөө практикасы токтобой келатканын айтты.

Ал Кошмо Штаттары өзү адам укуктарын бузган учурларды билмексенге салбастан, күнөөкерлерди дароо жазалайт деди. Ал Ирактын Абу-Грейб түрмөсүндө ирак туткундарына зөөкүрдүк көрсөткөн америкалык аскер кызматчылары согуштук трибуналда соттолуп жаткандыгын белгилеп, башка өлкөлөр да өздөрүнүн укук бузууларын ушул таризде жоюга аракеттенет деген үмүтүн билдирди.

XS
SM
MD
LG