Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Дүйнөлүк банк 20 миллион доллар грант берет


БИШКЕК. Ушул жылдын жарымынан тарта Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 120 миллион долларлык грант берет. Мындай маалымат өткөн жумада Дүйнөлүк банктын Вашингтондо өткөн жыйынында кабарланды. Кыргызстандан ал жыйынга катышкан вице-премьер министри Жоомарт Оторбаевдин айтымында, Дүйнөлүк банк грантты өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө багытталган алдыдагы үч жылдык программасын ишке ашыруу үчүн берет. Ал үчүн кыргыз өкмөтү Кыргызстандын 2010-жылга чейинки комплекстүү өнүгүү негиздеринин алкагында үч жылдык программаны иштеп чыгып, каражат сарптала турган келечектүү тармактарды аныкташы керек.

XS
SM
MD
LG