Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

ИРАН МЕНЕН ОРУСИЯНЫН КЕЛИШИМИНЕ ЕВРОБИРИМДИК КАРШЫ ЭМЕС


Европа комиссиясы Иран менен Орусия ортосунда жекшембиде түзүлгөн келишимге карата эч кандай каршылыгы жок экенин билдирди. Макулдашууга ылайык, Москва Ирандагы Бушер атомдук станциясын уран менен камсыздап, иштетилген өзөктүк отунду кайра алып кетип турмакчы. Германия, Франция жана Британия бир айдан бери Тегеранды уран байытуу процессинен баш тартууга көндүрүү аракетин көрүп жатышат.

“Азаттыктын” Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобьякас маалымдаганына караганда, Евробиримдиктин өкүлү шаркет Орусия менен Иран ортосундагы келишим жөнүндө күн мурунтан кабардар болгонун ырастады.

Комиссиянын тышкы байланыштар боюнча маалымат катчысы Эмма Удвин дүйшөмбүдө кабарчыларга мындай деп билдирди:

- Иран менен Орусиянын ортосундагы келишим Биримдиктин позициясына каршы келбейт.Эки өлкө тең эларалык эрежелерди жана өзөктүк куралды жайылтпоо келишимин урматтай турганын билдиришти. Эң негизгиси болсо Бушер станциясы Атомдук энергетика боюнча эларалык агенттиктин көзөмөлү астында иштейт.

Шаркеттин өкүлүнүн ырасташынча, Москва Иран аскерий ядролук мамлекетке айланбашы керек деген Евробиримдиктин принцибин колдой турганын кайталап келатат.

Брюсселдеги дипломаттардын айтымында, Орусия Бушер станциясын байытылган уран менен камсыздап, анын калдыктарын кайра алып кетип турат.
Биримдик дагы ушуга үндөш сунуш жасаган. Бирок Тегеран уран байытууну Германия, Франция жана Британия менен сүйлөшүүлөр өтүп жаткан учурда эле убактылуу токтотууга көндү. Иран өкмөтү Өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине кол койгон мамлекет катары өз алдынча өзөктүк отун байытууга укуктуу экенин белгилөөдө.

Евробирмдик, АКШ менен катар, Тегеран ядролук курал чыгарууга аракет кылбайт деген кепилдик жок деп чочулайт. Андыктан, Евробиримдиктин атын атабаган ырасмий өкүлү айткандай, шаркет менен АКШ өзөктүк заттарды байытуу процессин толугу менен токтоттурууну максат кылат.

Ошол эле маалда Вашингтон менен Брюсселдин турумунда чоң айырмачылыктар бар. Маселен, Вашингтон өлкөнүн бай мунай жана газ ресурстарын аргумент катары келтирип, Иранга өзөктүк өнөр жайдын таптакыр кереги жок деп эсептейт. Еврошаркет болсо буга макул эмес:

-Бардык тараптар Ирандын ядролук державага айлануусун алдын алышы керек деп ишенебиз, ошол эле мезгилде биримдик өлкө тынчтык максаттардагы өзөктүк программаны өздөштүрүүгө укуктуу деп санайт, - деди Эмма Удвин.

Евробиримдиктин өкүлдөрү дүйшөмбүдө ырастагандай, АКШ президенти Жорж Буш шаркеттин дипломатиялык аракеттерине колдоосун билдирди. Буш ошондой эле Иранга чабуул коюуу Кошмо Штаттардын жакыңкы пландарына кирбейт, бирок бардык мүмкүнчүлүктөр күн тартибинде кала берүүдө деген эле.

XS
SM
MD
LG