Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Ливанда миңдеген адамдар көчөгө чыгышты

Ливанда банктардын, менчик компаниялардын кызматкерлери жана мектеп мугалимдери жакында жардыруудан өлгөн өлкөнүн мурдагы премьер-министри Рафик Хариринин өлүмүн терең изилдөөнү талап кылып, көчөгө чыгышты. Алар жакындан бери оппозиция коюп келген талапты колдоп жатышат.
Ливандын өкмөтү отставкага кетти, ал эми президент Эмил Лахуд премьер-министр Омар Карамини убактылуу анын милдетин аткарып турууну суранды.
Кечээ Бейрутта митинг-демонстрацияларга тыйуу салынганына карабай, миңдеген адамдар нааразылык акцияларын өткөрүштү. Алар Сириядан Ливандагы аскерий күчтөрүн чыгарып кетүүнү, ал эми өз өкмөтүнөн иштен кетүүнү талап кылышты.
XS
SM
MD
LG