Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Тажикстанда шайлоонун айрым жыйынтыктары чыкты


Тажикстанда да өткөн жекшембиде парламентке шайлоо болду. Бүгүн Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей парламенттеги көпчүлүк орунду өлкөдөгү Тажикстандын Элдик демократиялык партиясы алган өңдүү.
Депутаттыкка талапкерлер парламенттин мыйзам чыгаруу жыйынындагы 63 орун үчүн ат салышты. Партияларга берилген 22 орундун 17син өлкөнүн президенти жетектеген Тажикстандын Элдик демократиялык партиясы ээлейт.
Тажикстандын Борборшайлоокомунун төрагасы Мирзоали Болтуевдин айтымында, өлкөдөгү Коммунисттик партия үч орунду, ал эми оппозициялык деп эсептелген Ислам Кайра жаралуу партиясы эки орунду ээлешкен. Калган партиялар парламенттен орун алуу үчүн 5%дан көп добуш топтой алышкан жок.

XS
SM
MD
LG