Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

ТОҢДО ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ТАЛАШЫ БҮТӨ ЭЛЕК


Азиза Турдуева, Бишкек Тоң райондук соту аркылуу шайлоодон четтетилген Арсланбек Малиевдин шайлоого катышуусун талап кылган шайлоочулар 22-25-февраль күндөрү нааразылык чараларын өткөрүшкөн. Бишкекте 1-мартта Ысыккөл облусунун №75 Тоң шайлоо округунан депутаттыка талапкерлердин бири Аскарбек Алиевдин ишенимдүү өкүлдөрү Тоң районунда орун алган кырдаал боюнча маалымат жыйынын өткөрүштү.

Тоң шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлердин бири болгон Аскарбек Алиевдин ишенимдүү өкүлү Азиз Алиев шайлоодон четтетилип калган Арсланбек Малиев шайлоо өнөктүгүндө одоно мыйзам бузууларга жол берди дейт:

- Шайлоо өнөктугүндө Арсланбек Малиев депутаттыка талапкер Аскарбек Алиевдин Тоң районунун акими Нурбек Алиев менен тууганчылык жагын, ошондой эле округдун шайлоочуларынын оор социалдык абалынатайын социалдык карама-каршылыкты пайда кылуу үчүн пайдаланды.

Анын айтымында, Арсланбек Малиев шайлоочулар алдында мыйзамдуулукка ылайыксыз сөздөрдү сүйлөгөнү да анын шайлоодон четтетилишине негиз болгон:

- Мисалы, Кажысайда сүйлөгөн сөзүндө Арсланбек Малиев Жогорку Кеңешке бийликтин өкүлдөрү келбеши керек, анткени, мисалы бийлик Кажысайдын элин атып салгыла деген буйрук берсе, алар ошого макул добуш беришет деп сүйлөгөн.

Арсланбек Малиев маалымат жыйынында айтылган мындай дооматтар менен макул эмес:

- Биринчиден, менин талапкерлигимди алып салуу боюнча сот чечими саясий чечим болду. Ал эми Алиевдердин тууган экендиги калппы? Аким мугалимдерди жана башкаларды коркутуп, үркүткөндөрү калппы? Элдин оор социалдык абалын пайдаланды дешет. Элди ошондой оор социалдык абалга мен алып келиптирминби? Кажысайда сүйлөгөнүм чын. Аны азыр да кайталап берем. Парламентке ошондой бийликке берилген, бийликке умтулган, күн карама, бийликтин айтканынан чыкпаган адамдар келсе, кандай мызамды кабыл алып бергиле десе, ошол мыйзамдарга кол көтөрүп беришет.

Аскарбек Алиевдин дагы бир ишенимдүү өкүлү Самат Алиев Тоң районунун акими Нурбек Алиев Балыкчы-Каракол жолу тосулганда өз ыктыяры менен ээлеген кызматынан кетти деп маалымдады:

- 22-25-февраль күндөрү Тоңдун райондук администрациясынын имаратын Арсланбек Малиевдин тарапкерлери ээлеп алышканда, биз биздин тууганыбыз Нурбек Алиевди чакырып алып, стабилдүүлүк, элдин тынчтыгы биз үчүн эң бийик турат деп, ээлеген кызматынан баш тартышын өтүндүк. Ал биздин сунушубузду кабыл алып, акимчиликтин алдында топтолуп турган элге кызматынан кеткендиги жөнүндө билдирди.

№75 Тоң аймактык округунда Жогорку Кеңешке шайлоо 13-мартка жылдырылды. Борбордук шайлоо комиссиясы Тоң районундагы шайлоо алдында курч кырдаалга жана Балыкчы-Каракол жолунунун тосулушуна байланыштуу округдук комиссиясынын чечиминин негизинде 26-февралда тиешелүү токтомун кабыл алган.

Кыргызстандын Шайлоо кодексине ылайык, эгерде бул шайлоодо талапкерлердин баарына каршы берилген добуштардын саны тигил же бул талапкерге берилген добуштардан жогору болсо, анда шайлоо жараксыз деп эсептелет. Кайрадан шайлоо белгиленип, бирок мурдагы талапкерлер кайрадан катышууга укугу жок.

XS
SM
MD
LG