Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

ООГАН ЖЕРИНДЕ ГЕРОИН ӨНДҮРҮШҮ ӨСТҮ


Ооганстандан баңги зат ташып чыгуунун кескин көбөйүшүн кантип токтотуш керек? Бул тилсиз жоого ооган өкмөтүнүн күчү жетеби? Эл аралык Наркотикалык көзөмөл кеңеши ушул шейшембиде жарыялаган жылдык отчетунда мына ушундай тынчсыздануу камтылган.

Эл аралык Наркотикалык Көзөмөл кеңеши же ЭНКК Бириккен Улуттар уюмунун баңги заттар боюнча конвенцияларынын ишке ашырылышын көзөмөлдөп турат. ЭНККнын соңку отчетунда Ооганстандан тутумунда апийим болгон заттарды ташып чыгуу өсүп жатканына тынчсыздануу айтылат.

Бул кеңештин адистерине ылайык, Ооганстанда наркобарондор георин жана морфин өндүрүү үчүн зарыл болгон уксус ангидратты ири көлөмдө өлкөгө ташып келишет. Ал эми героин менен морфийди апийимге караганда аз-аздап ташып чыгыш оңой, демек аткезчилердин иши да жеңилдейт.

ЭНКК ошондой эле ооган дыйкандарына апийимден башка айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүшү үчүн экономикалык шарттарды жакшыртууга чакырды.

Кеңештин мүчөсү Мелвин Левицки донорлор колдобогондуктан, альтернативалык айыл-чарба өсүмдүктөрү программасында жылыш болбой жатат деген ырастоону четке какты. Шейшембиде Кабулда өткөн пресс-конференцияда ал эл аралык жардамга таянып, ооган бийликтери биринчи кезекте наркобарондорду теске салышы керек деп белгиледи:

– Мыйзамдардын сакталышын камсыздап, аймактарды көзөмөлгө албасаңар алтернативалык өнүктүрүү программалардан майнап болбойт, себеби берки тарап күчкө салып силерди чөгөлөтүп, акча жагынан сызга отургузуп коюшат. Кеп каражаттын жоктугунда эле эмес.

Отчетто апийимди кайра иштетүүчү химиялык заттарды Ооганстанга ташып келүүнү жана маң заттарын өлкөдөн ташып кетүүнү чектөө үчүн аймактык деңгээлде кызматташттык зарыл экендиги белгиленет.

Президент Хамид Карзайдын өкмөтү жакында 10 жылга эсептелинген нарко-көзөмөл стратегиясын жарыялады. Левицкий бул планга жогору баа бергени менен, коопсуздук жана өнүктүрүү аракеттеринде Ооганстан эл аралык жардамга муктаж экендигин белгиледи.

Ооганстандын Бириккен Улуттар уюмундагы өкүлү Мохаммад Юнус Базел нарко-заттарын көзөмөлдөөнү бардык өнүктүрүү программалары менен бир мезгилде ишке ашыруу коопсуздуктан да маанилүү маселе деп эсептейт. Нью-Йоркто Азаттыктын кабарчысы менен маегинде ал буларды кошумчалады:

- Эл аралык коомчулук бизге ооган өкмөтүн бекемдөөдө, терроризм, ал-Каида менен күрөштө кол кабыш көрсөтүп жатат. Эл аралык коомчулуктун жардамы болбосо, Ооганстандын буга алы жетмек эмес.Биз абдан ыраазыбыз. Ошол эле убакта биз өлкөнүн инфраструктурасын оңоп-түзөп, жумуш орундардын түзүү, ишканаларды куруу, жолдорду кайра калыбына келтирүү, сооданы жандандыруу өңдөнгөн иштерди да көңүлдүн сыртында калтырбашыбыз керек.

Ооганстандын наркокөзөмөл министри Хабибулла Кадери быйыл жыл башында анын өкмөтү азырынча аткезчиликке чек коюп, героин чыгарган лабораторияларды жок кылууга басым жасаарын билдирген.

XS
SM
MD
LG