Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Округдук шайлоо комиссиясы БШКга кайрылуу жолдоду


ЖАЛАЛАБАТ. Кайрылууга ылайык №26 Акман шайлоо аймактык комиссиясынын мүчөсү Кайымов Рамеш 28-февралда шайлоо жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына отчет тапшырып чыккандан кийин талапкерлердин биринин кордоо сөздөрү менен анын жактоочуларынын ур-токмогуна кабылган. Кайрылууга денесине залал келтиргендиги жөнүндө медициналык соттук экспертизанын 1-мартта берген аныктамасы да тиркелген. Округдук шайлоо комиссиясынын кайрылууга кол коюшкан он мүчөсү комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугун сактоо, чоң муштумдук кылган талапкерге мыйзамдуу чара көрүү жагын, болбосо өз милдеттерин 13-мартта орундай албай тургандыктарын билдиришкен. Бул тууралуу «Ата- мекен» партиясынын облустук бөлүмүнөн маалымдашты. Облустук шайлоо комиссиясынан маалымдагандай, 13-марттагы парламенттик шайлоого бул округдан эки талапкер, атап айканда «Ата мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен Тыныбек Алыкулов катышмакчы.

XS
SM
MD
LG