Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

Иран МАГАТЭ менен жакшы кызматташпаганы үчүн катуу сынга алынды


Европа жетекчилери, Кошмо Штаттары жана Улуттар Уюмунун Атомдук энергия агенттиги-МАГАТЭ чогуу Иранды өзүнүн коогалаңдуу ядролук программасы боюнча МАГАТЭ менен жакшы кызматташпады деп сындашты.
Мындай билдирүү агенттиктин директорлор кеңешинин Венадагы жыйынында жасалды.
Билдирүүдө Тегерандын уранды байытууну убактылуу токтотуу жөнүндөгү макулдашууну бузганына байланыштуу, Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүүнүн беделдүү катышуучулары Франция, Германия жана Британиянын “өкүнгөнү” жана “терең тынчсызданганы” баса белгиленет.

АКШнын атомдук агенттиктеги делегация башчысы Жаки Сандерс МАГАТЭнин “милдети” Иранга каршы экономикалык чектөө киргизүү мүмкүндүгүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин эсине салуу зарыл деп билдирди .
Элчи айым Иранды “өзөктүк куралга жетүү максатында ядролук куралдарды жайылтпоо режимин ачыктан ачык бузууда” деп күнөөлөп, “бу проблема менен иштеген эл аралык юридикалыкк жана саясый мекемелер аны ийгиликтүү жана тынч чечет” деген пикирин да айтты.

Жыйындан соң МАГАТЭнин башдиректору Мохаммад Барадейи:


-Иран үч маанилүү нерсени жасашы зарыл дээр элем. Бул шарданалык, шарданалык жана шарданалык.

Бирок, Ирандын башөкүлү Сирус Насери анын өлкөсү ядролук куралдуу өнүктүрүүгө кызыкдар эмес деп, ядролук программа электр кубатын өндүрүүнү көздөрүн кайра кайталады.

XS
SM
MD
LG