Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:20

4-мартка аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!
4-5-март күндөрү аба ырайынын кескин жылышына байланыштуу Ош, Жалалабад облустарынын тоолуу аймактарында ошондой эле Бишкек-Ош автожолдорунун 121-138 жана 198-265 чакырым аралыктарында көчкү жүрүшү күтүлүүдө. Кыргызстандын синоптиктери бул күндөрү тоого эс алууга жана автожүргүнчүлөрдү тоолуу аймактардагы жол каттамдарына чыкпай турууларын өтүнөт.

4-мартта Кыргызстанда жаан-чачындын болушу күтүлбөйт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +15...+20 градус жылуу.
ТАЛАСТА түнкүсүн 0...+5 градуска ал эми күндүз +13...+18 градус жылуу болот.
ЖАЛАЛАБАД, ОШ, БАТКЕН аймактарында түнкүсүн +2...+7, күндүз
+17...+22 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңу боюнча абанын температурасы түнкүсүн -3...-8 градус суук, күндүз +5...+10 градус жылуу болушу күтүлөт.
НАРЫН облусунда түнкүсүн -11...-16 градуска суук, күндүз -4 градус сууктан +1 градуска жылуу.
Борборубуз БИШКЕКТЕ сейрек булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4, күндүз +18...+20 градус жылуу.

Кабарларды Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана дубандардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG