Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Шайлоонун экинчи туру 13-мартта өткөрүлөт


БИШКЕК. Кыргызстанда парламенттик шайлоонун экинчи туру 13-мартта өткөрүлөт. Шайлоону өткөрүү тууралуу округдук шайлоо комиссияларынын билдирүүсү 4-мартта өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарына жарыяланат. Бул тууралуу БШК 3-мартта «Азаттык» радиосуна маалымдады. Кыргызстандын шайлоо кодесинин 31-беренесине ылайык, шайлоо комиссияларынын шайлоону өткөрүү тууралуу маалыматы массалык маалыматтарына жарыялангандан тарта үгүт кампаниясы башталат. Шайлоонун биринчи турунда 31 талапкер шайлоочулардын 50 пайыздан көп добушун алып жеңишке жетишишти. Экинчи турда 44 депутаттык орун үчүн ат салышуу болот.

XS
SM
MD
LG