Сириянын президенти Башар Ассад кечээ күнү Эр-Риядка келип, Сауд Арабиянын ханзадасы Абдулла менен жолукту жана "Ассошиейтед пресс" агеттигинин кабарлаганына караганда, саудиялык жетекчилик андан - кошуна Ливандагы аскерлерин толук чыгарып кетүүнү талап кылды. Ливанда азыр 14 миң сириялык аскер бар жана Батыштын айтымында, Сирия Ливандын ички иштерине кийлигишүүдө. Февралда Бейрут шаарында Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Харири өлтүрүлгөндш кийин өлкөдө антисириялык митингдер өтүүдө.