Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

СИРИЯГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР КҮЧӨП БАРАТ


Баян Жумакадары кызы, Прага 3-мартта Сауд Арабия АКШга кошулуп, Сириядан Ливанда турган 14 миңдей аскерин чыгарып кетүсүүн талап кылды. Бейшембиде Сауд Арабиянын мураскер шахзаадасы Абдулла Сирия Ливанда жайгаштырган аскерлерин токтоосуз чыгарып кетүүгө милдеттүү деп билдирди. Ошол эле күнү Вашингтондо жасаган билдирүсүүндө Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш сириялык аскерлердин чыгарылып кетүүсү Ливанда демократиянын бекемделишине шарт түзөөрүн айтты.

Бейшембиде Вашингтондо жасаган билдирүсүүндө Американын президенти Жорж Буш Сириянын Ливанда жайгаштырылган аскерлери менен жашыруун кызматы "азыртан калбай" чыгарылып кетсин деген катаң талапты койду.

- АКШ, Франция жана башка көптөгөн өлкөлөр Сириядан Ливанда турган аскерлерин эле эмес, жашыруун күчтөрүн да азыртан калбай чыгарып кетүүсүн талап кылышат,- деди Буш.

4-мартта Британиянын тышкы иштер министри Жэк Строу эгерде Сирия бул талапка баш ийбесе, ал эл аралык коомчулуктан бөлүнүп кала турганын эскертти.

Сирияны дүйнө коомчулугунун талаптарына баш ийүүгө анын көп жылдан берки шериги Орусия да чакырды. Сириянын Ливандан чыгып кетүүсүн Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан да кайтоолдоп талап кылууда.

Өткөн сентябрда Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириянын кошуна Ливандан чыгып кетүүсүн талап кылган резолюция кабыл алган.

Бул талаптарга эми Сауд Арабиянын кошулганын айрым саясий серепчилер Сирияга урулган күтүүсүз сокку катары сыпаттап жатышат. Эл Аралык Кризис Уюмунун Бейруттагы аналитиги Рейнууд Лииндерс Сирия президентинин жакында Сауд Арабияга жасаган иш визити Эр-Рияддын колдоосун алуу максатын көздөгөнүн, бирок президенттин ал үмүтү таш капканын айтат.

- Сириянын президенти Башар Асаддын Сауд Арабияга жасаган визитинин максаты- тасирдүү араб өлкөнүн колдоосун алуу эле. Ал Эр- Рияд жок дегенде аскерлерди аз-аздап чыгаруу жөнүндөгү позициямы колдоп берет, деп үмүттөнөгөн. Бирок Дамасктын ал үмүтү таш капкан өңдөнөт, Сауд Арабия АКШнын катаң талабына кошулду. Менимче бул Сирияга урулган күтүүсүз сокку болду,- дейт аналитик.

Айрым маалыматтарга караганда, Сауд Арабия Сирияга, эгерде ал койулуп жаткан талаптарга баш ийбесе, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер бузулат деп эскерткен. Аналитиктин айтымында, сауди жетекчилиги маселени кабыргасынан койуу менен жэке өзүнүн көз карашын эле эмес, сауди коомчулугунда өкүм сүргөн жалпы пикирди да билдирген.

- Хариринин киши колдуу болуп өлгөнү саудиялыктарга дүрбөлөң салып, кыжырын келтирди. Анткени алар Харирини улуттук баатырыбыз, өз кишибиз деп эсептешчү. Ошон үчүн анын өлүмүнүн артында Сирия турат деп шек санаган Сауд Арабия бул киши өлтүрүүнү саудиялыктарды жаак талаштыра чапкандык катары кабыл алышты,- дейт серепчи.

Бирок саясий аналитик Сирия өзү ээлеген позициядан оңой-олтоң эле баш тарта койбосун, эл аралык коомчулуктун талаптарына баш ийүүдөн мурда ал өз талаптарын койуп, соодалашууга аракеттене турганын божомолдойт.

Сирия өзүн Ливандагы стабилдүүлүктүн гарантымын деп эсептейт, ошон үчүн ал ал жердеги аскерлерин чогуусу менен бир убакта чыгарып кетүүгө ашыкпайт дейт серепчи.

Анын аралыгында, Ливанда коопсуздукту камсыз кылуу маселеси Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде бейформал талкууга алынгандыгы маалымдалды. Британиянын тышкы иштер министри Жэк Строу 4-марттагы билдирүүсүндө Коопсуздук кеңешинде Ливанда эл аралык бейпилдик күчтөрдү жайгаштыруу жөнүндө сөз болгонун белгилеп өттү.

XS
SM
MD
LG