Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

ТИМ билдирүү таратты


БИШКЕК. 4-мартта Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүү таратып, анда АКШнын элчилиги менен Түндүк атлантикалык альянс Кыргызстанда АВАКС тибиндеги учактарды жайгаштыруу маселесин караштыруу өтүнүчү менен мурда чынында эле кайрылган болчу деп кабарлады. Министрлик мындай билдирүүнү «Общественный рейтинг» гезитинин 24-февралдагы санына жарыяланган «Чаташкан дипломатия» деген макалага жооп катары таратты. Билдирүүдө НАТОнун башкы катчысы Шеффердин атынан Тышкы иштер министрине атайын нота жиберилгендиги айтылат. Ошондой эле өтүнүч ШКУ, Коллективдүү коопсуздук келишим уюмуна кирген мамлекеттер менен талкуулангандан кийин америкалык чалгынчы самолетторду жайгаштыруу Ооганстанда тынчтыкты орнотуу максатын көздөгөн «Майтарылгыс эркиндик» операциясынын чегинен чыгып, Кыргызстандын ШКУ менен КККУнун алдында алган милдеттенмелерине карама-каршы келет деп жооп берилгендиги белгиленген.Тышкы иштер министрлиги билдирүүдө ушундай өтүнүч менен Орусия жана Кытай кайрылышы мүмкүн деген божомолдорду четке какты.

XS
SM
MD
LG