БИШКЕК. Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурованын 4-марттагы билдирүүсүнө караганда, №25 Караүңкүр шайлоо округунда административдик каражатты пайдалануу улантылууда. Маселен, Арсланбаб токойундагы Жайтерек, Кызылүңкүр токой чарбаларынын жетекчилери кызматтан бошотулду. Округдагы айрым участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө кысымдар күчөөдө. Ишенгүл Божурованын айтымында, булардын баары Курманбек Бакиевди өткөрбөш үчүн жасалган иштер. № 31 Көгарт шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жусупбек Жээнбеков кыргыз бийлигине жана эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоп, анда экинчи талапкер Рашид Тагаевдин пайдасына административдик каражат ченемсиз пайдаланылганы маалымдалган. Эгерде мындай аракет токтотулбаса кыжырданган эл көчөгө чыгып, кырдаалды көзөмөлдөш кыйын болуп калаары эскертилген. Бул тууралуу кайрылуу БШК, Башкы прокуратура, ЕККУнун өкүлчүлүгү жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигине жолдонду.