Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Оштогу шайлоочулар соттун чечимине каршы


БИШКЕК. 4-мартта Ош шаардык соту №48 Достук шайлоо округу боюнча талапкер Давран Сабировдун арызын карап, анын өтүнүчүн канааттандырды. Давран Сабиров округдагы төрт участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган округдук комиссиянын чечимин токтотууну талап кылып, сотко кайрылган. Округдук комиссия болсо 1-мартта талапкер Полот Төлөновдун Давран Сабиров шайлоочулардын добушун сатып алды деген арызынын негизинде төрт участкадагы добуштарды жараксыз деп тапкан. Ал эми 4-мартта Полот Төлөновдун бир миңге чукул шайлоочусу Ош шаар мэриясынын алдына пикетке чыгышты.

XS
SM
MD
LG