Украинанын ички иштер министрлигинин өкүлү Инна Кисел экс-министр негизги жагдайлар көргөзгөндөй, өз жанын өзү кыйган болуу керек, бирок соңку тыянак сот экспертизасы аяктагандан кийин жарыяланат деп билдирди.
Маркум Юрий Кравченко 1995-жылдан 2000-жылга чейин өлкөнүн ички иштер министри болуп турган, ал эми улуту боюнча грузин, Украинада туулуп өскөн көз карандысыз журналист Георгий Гонгадзе дал ошол 2000-жылдын сентябрь айында дайынсыз жоголуп кетип, эки айдан кийин Киевдин четиндеги токойдо анын башы алынган сөөгү табылган эле.
Украинанын башкы прокурору Святослав Пискун ушул аптада тергөө Гонгадзени өлтүргөндөрдүн изине түшкөнүн жарыялап, журналисттин көзү тазаланган маалда ички иштер министрлигинде кызмат өтөгөн эки полковник камакка алынганын кошумчалаган. Жума күнү экс-министрдин өлүгү табылганы жарыялангандан көп өтпөй Украинанын президенти В.Ющенко бул окуя – журналист Гонгадзенин ишине байланыштуу орун алганын жашырган жок.
- Ар бир адам сот, прокуратура менен кызматташуу, суракта көрсөтмө берүү, коомчулук алдында күнөөсүн мойнуна алуу, же өз укуктарын коргоо маселесин жеке өзү ойлонуп чече алат. Дагы бир жол – өзүн өзү соттоо, - деди украин президенти.
Ющенко экс-министрдин капилет өлүмүн кылдат иликтеп чыгуу ишин Украинанын башкы прокурору менен ички иштер министрине тапшырганын кошумчалады.
Убагында украин бийликтеринин ишмердигин катуу сындап, өкмөттөгү коррупциянын бетин ачкан улам бир макала жарыялап турган көз карандысыз журналист Георгий Гонгадзе 2000-жылдын сентябрь айында дайынсыз жоголуп кетип, эки айдан кийин анын башы кесилген өлүгү табылганда оппозициячылар бул кайгылуу окуя үчүн Украинанын президенти Леонид Кучманы айыптап, ызы-чуулуу демонстрациялар бир нече айга созулган.
Андай айыптоолор аздан соң Кучманын жансакчыларынын бири Микола Мельниченко украин президентинин министр Кравченкого ашынган журналистти ооздуктоо тууралуу тапшырма берген телефон аркылуу сүйлөшүүсүн жаздырып алып жарыялап жибергенде ого бетер күч алган. Ал телефон баарлашуусунда президент Кучма деп болжолдонгон адам "жанагы грузинди жок кылбайсынарбы, чечендерге берип салгыла" деп ачуулана айтат.
Украинанын экс-президенти Леонид Кучма журналист Гонгадзенин өлүмүнө байланыштуу айыптоолордун баарын четке кагып келатат, жансакчы жаздырып алган үн дал Кучманыкы экенин азырынча эч ким көзгө баса далилдей элек.
Баш прокурор Святослав Пискун ал аудиотасмалар боюнча өзүнчө тергөө иши башталаарын билдирип, Батышта баш калкалап жүргөн жансакчы Микола Мельниченкону мекенине кайтып барып, баалуу көрсөтмөлөр берүүгө үндөдү.
Киевдик эксперттер экс-министр Кравченко кандай болгон күндө да, журналист Гонгадзенин өлүмүнө байланыштуу окуялар боюнча башкы күбө болгондуктан, минтип анын өмүрү кыйылганы – Украинанын Башкы прокуратурасынын ишиндеги чоң ката болду деген пикирлерин айтышууда.