Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:06

Ошто талапкерди жактаган пикет болду


ОШ. 4-март күнү Ош шаардык соту талапкер Давран Сабировдун пайдасына төрт шайлоо участкасындагы шайлоонун жыйынтыктарын калыбына келтирүү жөнүндө өкүмүн угузган эле. Соттун мындай чечимине нааразы болушкан Полот Төлөновдун жактоочулары сот адилетсиз өкүм чыгарды деп, шайлоонун кайрадан өткөрүлүшүн талап кылган ураандарды колдоруна көтөрүп алышып борбордук аянтта турушту. Андан соң шаар мэри Сатыбалды Чырмашев, Ош облусунун губернатору Кубанычбек Жолдошев жана жеңилген талапкер Полот Төлөнов элдин алдына чыгып сүйлөшүп, чогулгандардан үйлөрүнө таркап кетүүлөрүн суранышты. Нааразылык акциясынын катышуучулары төрт саатка жакын турушуп, андан соң тарашты. Ал эми шайлоодо жеңилген талапкер Полот Төлөнов Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрылбай тургандыгын, анткени сот системасына ишеними калбай калганын билдирди.

XS
SM
MD
LG