Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

«ТАЗА» ШАЙЛООНУН НААРАЗЫЛЫКТАРЫ


«Таза шайлоо» өткөрүү демилгесин президент А.Акаев «Таза Кыргызстан» программасынын бир бөлүгү катары киргизген. Анын алгачкы натыйжасы кандай болгонун өлкөнүн бир топ жерлериндеги элдин нааразылыгы, пикет, көчө жыйындарынын, канжол тосмой, акимчилик имаратын ээлеп алуусу көнүмүшкө айланып баратканы деле кашкайтып көрсөтүүдө.

Президент А.Акаев кош шайлоо алдында жаңы демилге көтөрүп, Кыргызстанды тазартуу милдетин алдыга жайган.

- 2005-жылдын аягына чейин пенсия менен жөлөкпулдарды кыйла көтөрүп, бүйүжеттен айлык алгандардын маянасын мен 30 – 50% чейин жогорулатуу сунушун киргизем. Мунун баарына биз коррупцияны азайтуунун эсебинен жетишибиз керек,- дейт президент А.Акаев.

Мамлекет башчысынын жаңы программасында оголе көп олуттуу иштер белгиленип, айкын милдеттер коюлганын мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов да ырастаган. Анын айтымында, таза шайлоо өткөрүү үчүн кыргыз бийлиги бармакка белги коюшка кайыл болуп, колдон келген аракеттердин баарын жасады:

- Бул жөнүндө президент көп эле айтпадыбы. Жазып деле, айтып деле атабыз. Таза шайлоо дегенибиз - алдыдагы парламенттик, андан кийинки президенттик, айыл өкмөттөрүн шайлоо. Бул шайлоолорго аябай чоң кызыгуу болуп атат. Кыргызстандын өзүнөн, дүйнөдөн чоң кызыгуу болууда,- дейт О.Ибраимов.

Украина Радасынын депутаты Василий Гаврилюк бу шайлоодо деле украин жөрөлгөсү кайталанышы мүмкүн экендигин айтты:

- Башкача айтканда, кудум эле Украинадагы кырдаал кайталанууда. КМШдан келген байкоочулар баары жакшы, баары мыкты деп мактоого тундуруп кетсе, реалдуу иш башканы көрсөттү. Терең үңүлө келгенде мыйзам бузуулардын баары добуш берүүгө чейин жасалганы билинди.

Парламент шайлоо камылгасы башталардан мурда эле депутаттыкка талапкерлердин арасында капчыктуулардын арбындыгы, добуштардын акчага сатылыш ыктымалдыгы айтыла баштаган. Жаңы шайлоонун жарамсыз көрүнүшүнүн себеп-жөнүн Кыргызстан элдик кыймыл жетекчисинин орунбасары Ишенгүл Болжурова момундай жагдайга байланыштуу түшүндүрөт:

- Акчага алдануу, бир мүшөк кумшекер, бир мүшөк ун, алты мүшөк көмүргө азгырылуу, мунун себеби өзүбүздүн оор социалдык-экономикалык абалдан чыгып отурат. Биздин Кыргызстандын бюджети 2004-жылы 350 миллион доллар экен. Союз урагандан кийин ушундай эле оор абалга кабылган Арменияда үч жарым миллион калктын бюджети 800 миллион доллар. Ал эми Молдавияда төрт жарым миллион калк жашайт. Алардыкы бир жарым миллиард доллар экен. Жакырчылыктан көтөрүлбөгөн эл алданабы, албетте, алданат.

Эрте жаз өтүп аткан парламент шайлоо күз ичи Кыргызстанды чоң сыноодон өткөрүүчү президент шайлоонун негизги сыноо аянтчасы экени элдин баарынa дайын. Демократиялык каада-салты терең тамыр жая элек Кыргызстан шартында бул жагдай калктын биртобун абдан түйшөлтүп, эмитен эле бейпайга салууда.

«Жаңы багыт» саясий кыймылынын жетекчилеринин бири Ишенбай Абдуразаков аны бийлик башындагы адамды ашкере мактап, идеалдаштырып алуунун айынан чыгып аткан көрүнүш дейт:

- Бир кишини өзүбүз мактап, көтөрүп, апыртып жибергенде ал өзүнчө бир культка айланып кетет. Бара-бара «бул киши болбосо биз такыр эле куруп калабыз, мындай адам жок» дегендей сталиндик замандагы психологияны, идеологияны кайрадан алып келгенге бул түрткү болуп атпайбы. Элдин өзүнүн эркине коюш керек.

XS
SM
MD
LG