Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

ИСЛАМ КАРИМОВ ИСЛАМЧЫ ТЕРРОРЧУЛАРГА КАРШЫ КҮРӨШҮ ҮЧҮН ИСЛАМАБАДГА ЫРААЗЫ


Пакистандын президенти Первез Мушарраф Борбордук Азиядагы сапарын улантууда. Бүгүн (жекшембиде) ал Ташкенде Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өөрчүтүү жана аймактык коопсуздукту чыңдоо жаатында сүйлөшүү жүргүздү. Мушарраф дүйшөмбүдө Борбордук Азия сапарын андан ары улантып, Бишкекке келмекчи.

Кечээ (ишембиде) Борбордук Азиядагы пост-советтик өлкөлөрдүн бири - Өзбекстанга келген Пакистандын президенти Первез Мушарраф бүгүн (6-мартта) Ташкенде өзбек кесиптеши Ислам Каримов менен жолукту.

Алар талкууга алган башкы маселелер тууралуу андан соң президент Ислам Каримов журналисттерге мындай деп айтты:

- Оболу биз мамлекеттерибиздин ортосундагы карым-катнаштардын бүгүнкү акыбалын таразалап, ага өтө жогорку бааны бердик. Ушул негизде алакаларыбызды чыңдоо, бул жаатта орун алган көйгөйлөрдү ар тараптуу чечүү жаатында ургаалдуу пикир алмаштык.

Президент Каримовдун сөзүнө караганда, эки тараптуу кызматташтык маселелеринен тышкары, алар аймактагы кырдаал, Ооганстандагы соңку акыбал тууралуу да талкуулашты.

Президент Первез Мушарраф да эки тараптуу кызматташтыкка дурус баасын айтып, Борбордук Азия менен Пакистандын тарыхый алакаларынын тамыры терең экендигин белгилей кетти.

- Биздин бул эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык бул өлкөлөрдүн чегинен алда канча сырткаркы аймактар үчүн да оң таасир тийгизмекчи.

Өзбек президенти Өзбекстан исламчыл кыймылы деп аталган жана кезинде Ооганстандын талиптик режиминин канаты астында болуп, Өзбекстанда жана Кыргызстанда террордук иш-аракеттер жүргүзүүгө далаалаттанган уюмдун калган-каткан өкүлдөрү Пакистанда баш паана таап жатканын да эске алды.

Бирок расмий Исламабад жалаң гана Өзбекстан исламчыл кыймылына эмес, жалпы эле эл аралык террордук уюмдарга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүп жатат, дал ошол күрөшү үчүн ал урмат-сыйга татыктуу, деди Каримов мырза.

Мушарраф болсо эки өлкө тең террордун азабын тарткан мамлекеттерге жатаарын белгилеп, Пакистандын аймагынан башка кайсы бир өлкөнүн коопсуздугуна карата террордук коркунуч туудурулбайт деп айтты.

Ташкендеги маалымат жыйынында кеңири Евразиянын чыгыш аймагынын коопсуздугу жана экономикалык бакыбаттыгы үчүн кызмат кылууну мүдөө туткан шериктештик катары түзүлгөн Шанхай кызматташтык уюму тууралуу да сөз козголуп, Мушарраф өз өлкөсүнүн бул уюмга мүчөлүккө өтүү ниети бар экенин кошумчалады:

- Пакистан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө эмес. Бирок биз бул уюмга мүчө болгубуз келет. Мен Президент Каримовдон Пакистандын бул уюмга мүчөлүккө кабыл алуу тууралуу сунушун колдоп берүүсүн өтүнөм.

Пакистандын президенти дүйшөмбү күнү Кыргызстандын ордо шаары Бишкекке келип, кыргыз жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзмөкчү.

Кыргызстан да ушул тапта Пакистан менен эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өөрчүтүүгө куштар борбордук азиялык өлкөлөрдүн бири.

XS
SM
MD
LG