Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

«Кыргызтелеком» «Азаттыктын» арызын күтүп жатат


БИШКЕК. Уктуруулар жыштыгы үчүн 10-мартта өтө турган ачык аукционго катышаарын буга чейин алты ишкана билдирди, бирок алардын арасында «Азаттык» жок, - деди «Кыргызтелеком» акционердик коомуна таандык радиотелеберүүлөрдү алып көрсөтүүчү жана угузуучу (РПО МТР) өндүрүш бирикмесинин башкы директору Кубанычбек Бегалиев «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында. Бегалиевдин айтымында, бирикме тутумуна «Азаттык», «Свободная Европа» жана «Voice of American» радиосу кирген чет өлкөлүк радиоуктуруулар бюросунун аукционго катышууну сунуштаган арызын да күтүп жатат. Эларалык бул радиоберүүлөрдү бирикме 24-февралдан баштап убактылуу токтотуп, аны аукцион өткөрүү демилгеси менен байланыштырган. Аталган уктуруулар тутумуна кирген чет өлкөлүк уктуруулар бюросу бул толкунду 1992-жылдан баштап ижарага алып, акысына Кыргызтелекомго жылына 220 миң доллардан төлөп келген. Бегалиев бул каражат азыр бирикме үчүн аздык кылат деп билдирди. Бирок анын айтымында, жыштыкты сатып алууга кардар чыкпаса, ишкана бул жыштыкты жабууга аргасыз болот, анткени анын техникалык чыгымдарын бүтөөгө мекеменин дагы, мамлекеттин дагы мүмкүнчүлүгү жетпейт.

XS
SM
MD
LG