Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Бийликтин пикиринде кырдаалды оппозиция курчутууда


БИШКЕК. Кыргызстандагы нааразылык иш чаралары -оппозициялык саясатчылардын аракеттеринин натыйжасы. Мындай пикирин бүгүн президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев билдирди. Анын айтымында, парламенттик шайлоонун биринчи айлампасында утулуп калган жана экинчи айлампада жеңээрине көзү жетпеген оппозициячыл талапкерлер радикалдык жолдорду пайдаланып, ич ара согуш баштайбыз деп, элди көчөгө алып чыгып жатат. Ушундай пикирин билдирген президенттин маалымат катчысы бул аракеттерди мыйзамсыз деп санады жана айрым чагым салгандар мыйзамга ылайык жазасын алышы керек деди. Анын айтымында, парламенттин чукул сессиясын чакыруу тууралуу демилгелер мыйзамга туура келбейт. Ошондой эле, Сегизбаев парламенттик шайлоону мыйзам чегинде өткөрүү үчүн жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Белгилеп койчу жагы, акыркы күндөрү өлкөнүн ар кайсы жерлеринде парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга каршы нааразылык чаралары уюштурулуп жатат.

XS
SM
MD
LG