Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Оор кырдаалда оппозиция бийликти колго алууга жарамдуу


БИШКЕК. Кыргызстандагы саясий кырдаал күндөн күнгө курчуп, аткаруу бийлигинин көзөмөлүнөн чыгып баратат. Мындай билдирүүнү Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова жана «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева 7-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиришти. Ошондой эле алар Аскар Акаев баштаган аткаруу бийлиги Жалалабат обласындагы кырдаалды бир аптадан бери жөнгө сала албай, жасалма жол менен митинг уюштуруп, жергиликтүү элдин арасында чатак жана улут аралык араздашуу чыгарууга аракет жасап жатат деп, бийликтин мындай аракетин айыпташты:

- Биз кырдаалды колдон чыгарып, демилгени бийликке бербейбиз. Кыргыз оппозициясы оор кылдаалда өлкөнү башкарып кетүүгө мүмкүнчүлүгү жетет. Бардык күчтөрдүн башын бириктирүүгө даярбыз. деп кошумчалады Роза Отунбаева. Ал эми аткаруу бийлиги оппозиция өкүлдөрү өлкөдөгү саясий кырдаал алардын көзөмөлүндө экендигин айтышууда.

XS
SM
MD
LG