Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Сербияны БУУнун аскерий соту сындады


Гаагадагы эларалык аскер трибуналынын башпрокурору Карла де Понте айым Сербияны мурдакы Босния-сербия генералы Ратко Младичти камакка алууга тоскоолдук кылууда деп күнөөлөдү. Де Понтенин сөзүнчө, серб бийликтери Младич кайда экенин билет жана кааласа, бир нече саатта аны камакка ала алат.
Генерал Младич 1990-жылдардын башында Босниядагы согушта улутту тукум курут кылуу саясатын жүргүзгөн деп айыпталууда. Понте айым Хорватиянын бийликтерин мурдакы генерал Анте Котовинаны издөөгө жетерлик көңүл бурбай жатат деп сындады. Кечээ күнү мурдакы серб генералы Момчило Персич өз ыктыяры менен БУУнун Гаагадагы трибуналына келген.

XS
SM
MD
LG