Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

ЖЫЛЫНА 5000 КЫЗ-КЕЛИН "НАМЫСТЫН" КУРМАНДЫГЫНА ЧАЛЫНАТ


Төрөкул Дооров, Прага Хатун Сурусу Германияда торолуп, өскөн, бирок 15 жашка толгондо аны өз мекени Түркияга жээнине турмушка чык деп жиберишет. Арадан эки жыл өтүп-өтпөй күйөөсү менен ажырашкандан кийин, Сурусу кайра Германияга келет. Өткөн айда Берлиндеги аялдамалардын биринде автобусту күтүп турган жеринен аны атып кетишти.

Азыр шектелип жаткан негизги үч адам - анын бир тууган агалары.

- Бул окуя коомдун үшүн алгандай болду, бирок бул биринчи жолу окуя эмес.

Бул – Рахел Волздун пикири. Ал Германияда аялдар укугун коргоо үстүндө иштеп келаткан “Терре де Феммес” деген уюмда иштейт.

- Адамдардын көпчүлүгүн бул окуядан да, мектеп окуучулары берген жооптор айран таң калтырды. Окуучулар өз карындашын өлтүргөн адамдарды колдошуптур,- дейт Рахел Волз.

Коркунучтуусу - бул окуянын улам кайталанып жатышында. Мисалы, Сурусу - Германияда өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан мына ушундай себептер менен өлтүрүлгөн бешинчи аял. Баардык беш окуя акыркы эле айда болгондугу таң калтырат.

Бул коркунучтуу көрүнүштөр немис коомунда мигранттарга каршы нааразылык акцияларын жаратты. Ишембиде жүздөгөн адамдар көчөгө чыгып, бул өңдүү адам өлтүрүүлөрдү айыптаарын даңазалашты.

Сынчылардын оюн боюнча буга чейин Германиянын жетекчилиги мигранттарга толерантсыз болуп көрүнүп калуу коркунучунан улам проблема тууралуу кеп козгоодон кетенчиктеп келген.

Демонстрациянын катышуучулары аялдарды каргашалуу окуялардан коргоо иши күчөтүлүшү керектигин, маданияттар аралык айырмачылык деле эби менен болгону дурус экенин айтышты.

- Эл азыр бул бир эле адамдын проблемасы эмес экендигин, бул - жалпы эле мигранттардын машакатына айлангандыгын түшүнүштү,- дейт Германияда аялдардын укугун коргоо үстүндө эмгектенип келаткан Рахел Волз.

Бул өңдүү фактылар Швецияда да кездешет. Фадим Сахиндал деген кызды улуту күрт болгон атасы швециялык жигит менен сүйлөшкөнү үчүн өлтүрүп салган.

Арезо Мухаммади Стокгольмдо түзүлгөн Сахиндалды эскерүү тобунда иштейт.

- Фадимдин окуясына чейин деле адамдар бул жерде ушундай проблема бар экенин билишкен, бирок эч ким анын адамдын өмүрүн алчудай деңгээлде коркунучтуу экендигин мойнуна алган эмес. Ал кыз менин классташым же кесиптешим болушу мүмкүн. Бул окуя чагылгандын күчүндөй ылдамдыкта таралып, элдин да, өлкөнүн жетекчилигинин да чачы тик тургандай болду. Анын олуттуу экенин эске алып, эми бийлик бул маселени чечүүгө катуу киришиши ылаазым, - дейт Арезо Мухаммади.

Жаш кыздардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларына айрым мамлекеттер өзгөчө көңүл бөлүшүүдө. Декабрда бул маселе боюнча ири конференция өттү.

Британия “намыстын курмандыгы” болушу мүмкүн деп эсептеген 100 кыздын өлүмүн эми катуу иликтей башташты. Бул аракеттер үчүн өзүнчө акча да бөлүндү.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматына караганда жылына өз туугандарынын колунан өлгөн кыз-келиндердин саны 5000ге жетет. Бул өзгөчө, каада-салттары аялдарга өтө катуу делген мамлекеттерде, Пакистан, Ооганстан жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринде, Индияда, Угандада көп кездешет.

XS
SM
MD
LG