Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Нарында ачкачылык жарыялай башташты


БИШКЕК. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-мартта №33 Нарын шайлоо округу боюнча талапкер Ишенбай Кадырбековдун арызын карайт. Мындай маалымат 8-мартта талапкердин өзүнөн алынды. Кадырбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын 7-марттагы чечимин жокко чыгарууну талап кылып жатат. БШК өз чечими менен Ишенбай Кадырбековду талапкерликтен четтеткен №33 Нарын округдук комиссиясынын 5-марттагы чечимин күчүндө калтырган болчу.

Ал эми 5-марттан бери Ишенбай Кадырбековдун талапкерлигин калыбына келтирүү талабы менен Нарын облустук администрациясынын имаратынын алдына пикетке чыгып жаткан атуулдардын он бири 8-мартта ачкачылык жарыялашты. Мындай маалымат 8-мартта Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундан алынды. Талапкердин Нарындагы штабынан алынган маалыматка караганда, 7-мартта округдук комиссиянын өкүлдөрү эки талапкерди бир ынтымакка келүүгө чакырган кайрылуу жасашып, Кадырбековду соттон арызын алууга, ал эми Карганбек Самаковду округдук комиссиядан арызын кайра алууга үндөштү. Ал эми 5-марттан бери нааразылык пикетин өткөрүп жатышкан атуулдар үч боз үй тигип, дагы эле талаптарынан кайтпай турушат.

XS
SM
MD
LG