Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

БРИТАНИЯДА МУСУЛМАН КЫЗ СОТТО УТУП АЛДЫ


Британиянын апелляциялык соту мусулмандардын жилаб көйнөгүн кийип келген 16 жаштагы кызды мектепке киргизбей коюп, мектептин жетекчилиги ал кыздын укугун бузган деп тапты. Британияда мектеп формасында мыйзамдык чектөө жок, бирок соттун соңку чечими мектептердин өз алдынча кийим кодексин аныкташына кедерги түзөт шекилдүү.

Шабине Бегум 2002-жылы бети-колунан башка бүт денесин жапкан "жилаб" менен келгенде мугалимдер "мындай кийим менен жүрүүгө болбойт" деп, кызды үйүнө жиберишкен. Буга чейин Шабине кыска этек көйнөк, дамбал кийип жүрчү жана андай кийимге мектептин эрежелери уруксат берчү.

Шабине акыры башка мектепке которулуп кетүүгө аргасыз болгон. Өткөн шаршембиде Лондон сотунун залында экенинде Шабине өзүн актаган сот чечимин бардык мусулман аялдар үчүн жакшы жышаана деп белгиледи.

"Мен соттун бүгүнкү чечимин кубануу менен кабыл алдым. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мени коргогон адвокаттарга ыракмат айткым келет. Бүгүнкү чечим тескери түшүнүктөргө жана сокур фанатизмге карабастан, өз иденттүүлүгүн жана баалуулуктарын сактап калгысы келген бардык мусулмандардын жеңиши болуп калды".

Британиядагы айрым мусулман уюмдар да соттун чечимине канааттангандык билдиришти. Бегум мурда окуган мектеп Лондондон 50 чакырым түндүктө жайгашкан. Мында окуган улан-кыздардын 70 пайызы Пакистан, Индонезия сыяктуу салттуу мусулман өлкөлөрүнөн келгендердин балдары.

Соттун чечимине мектептин жетекчилери кыжаалаттанган билдирүү менен жооп кайтарды. Анда "бул мектепте окуучулардын диний жана маданий өзгөчөлүктөрү эске алынаары" айтылат. Айрым байкоочулар да сот өкүмү аткарылышы милдеттүү чечим эмес экендигин белгилешүүдө. Орто мектеп директорлорунун биримдигинин жетекчиси Мартин Уарддын айтымында, сот өкүмү бир аз карама-каршылыктуудай сезилет. Анда Шабинеге мыйзамга каршы келген мамиле жасалды деп айтылат, ошол эле убакта ал окуган мектептин форма саясаты колго алаарлык экендиги белгиленет. Башкача айтканда, ал саясатта кемчилик жок, бирок окуучулар аны сактабайт.

Уард Шабине Бегум мурда окуп кеткен мектеп форма саясатында өтө этиеттик жана жоопкерчилик менен иш алпарат деп эсептейт. Башкача айтканда, мектеп жетекчилиги окуучулар, алардын ата энелери жана диний чөйрөлөр менен такай акылдашып турат.

Ал эми Лондондогу араб-иран изилдөөлөр борборунун директору Али Нооризаде Шабане кийип келген "жилаб" чынында да мугалимдердин агартуучулук аракеттерине тескери таасир тийгизмек деп эсептейт. Ал эми Мартин Уард мектеп формасы тууралуу өкмөт мыйзамдарга түшүндүрмө бериши керектигин белгиледи. "Болбосо мындай талаштуу кырдаалдар кайталана берет", - деп эскертти директорлор бирикмесинин жетекчиси.

XS
SM
MD
LG