Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:03

Кытайдын парламенти Тайванга каршы күч колдонууга укуктук негиз берген мыйзамды кароодо


Кытай парламенти - Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйыны документти бүгүн карай баштады. Парламент төрагасынын орун басары Ван Чжаогуонун билдиргенине караганда, күч колдонууга Тайвандын да Гонконг сыяктуу эле Кытайга бир өлкө, эки система принциби менен кошулуусу гана альтернатива боло алат. Ал мыйзам Тайвандагы "мекендештерге эмес, жикчилерге" каршы багытталганын белгиледи. Алдыдагы дүйшөмбүдө кабыл алынары күтүлүп жаткан мыйзам Кытайдын андан 1949-жылы бөлүнгөн Тайванга каршы аскерий аракетине алгачкы жолу укуктук негиз түзмөкчү.Тайвандын бийликтери мыйзамдын кабыл алынышына каршылык билдиришүүдө. Тайван бийлигинин өкүлү Цзю Тайсен бүгүн Тайпейдеги пресс-конференцияда мындай деди:

-Бул мыйзам Кытай Тайванды аннекциялоо үчүн күч колдонууга, чөлкөмдө үстөмдүк кылууга аракеттенип жатканын көргөзүүдө. Ал Кытайдын армиясы Тайванга каршы күч колдонуусу үчүн үчүн белги.

XS
SM
MD
LG